www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) окуу ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеси көтөрүлдү.
Мындан улам, комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган ЖОЖдун студенттеринин орто аралык аттестациясын өткөрүү боюнча жобо жана орто аралык аттестацияны өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ЖОЖдун администрациясы тарабынан 8 мугалимге тартиптик жаза берилип, КУАУнун маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, 1 окутуучу ээлеген кызматынан бошотулуп, 4 жогорку билим тууралуу диплом жокко чыгарылды.
УКМК коррупциялык иштерге аралашкан жарандар статусуна жана социалдык абалына карабастан КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылаарын эскертет.