www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте окуучулардын саны 257 миңге жетти. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, борбор калаадагы мектептер 103 миң окуучуга гана ылайыкталган.
“Жылдан-жылга ички миграциядан улам Бишкекке келип туруктуу жашай турган жарандардын саны көбөйдү. Быйыл Россия, Америкадан да мекендештер көп келишти. Ошол эле маалда элдибиздин саны көбөйүп жатат. Бишкектеги мектептерде 103 миң окуучу окуй турган болсо, азыр 257 миң бала билим алууда. Мына борборго Чүй облусунан 20 миңге чукул бала келип окуп жатат. Мыйзам чегинде биз башка райондун жашоочусу деп балдарды чектебейбиз, биз баарын кабыл алып жатабыз. Президент мектептерди эми муктаждыктарга жараша салууга тапшырма берди. Муну менен Бишкектин тегерегиндеги райондордогу мектептерде бир класста 50дөн ашык балага жеткен учурларды жеңилдетебиз”, - деди министр.