www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкерин ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси жана башкы инспектору суу коргоо тилкесине жакын жайгашкан туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашып берүү үчүн 1 миллион сом пара талап кылышкан.

УКМКнын маалыматына караганда, 2026-жылдын 7-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («Пара талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында алар пара алып жаткан жеринен кармалышкан.

Учурда шектүүлөргө карата бөгөт коюу чарасы тандалып, башкармалыктын жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.

Последние новости