www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө өлкөлөрдүн альянстын коргонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого кошкон салымына нааразы экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-июлда НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында айтты.
Трамптын айтымында, АКШ альянстын чыгымдарынын негизги бөлүгүн каржылап келет.
«Мен НАТОго абдан нааразымын. Биз башкаларга салыштырмалуу миллиарддаган долларга көп төлөп жатабыз. Бул адилетсиз. Биз аларды коргойбуз, бирок алар биз үчүн эч нерсе кылышпайт», — деди ал.
Ошондой эле Трамп мурдагы АКШ президенттери НАТОго мүчө бардык мамлекеттердин коргонууга кошкон салымын теңдөө маселесин мурда эле көтөрүшү керек болгонун белгиледи.
Мындан тышкары, ал Испанияны АКШ үчүн НАТОдогу «эң көйгөйлүү өнөктөш» деп атап, Вашингтон мындан ары бул өлкө менен мурдагыдай кызматташууну каалабай турганын билдирди.