www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Запорожье облусунда Краснодар — Мелитополь багыты боюнча каттаган жүргүнчү автобуска чабуул жасалганын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдирди.

Анын айтымында, окуя Приморск муниципалдык округундагы унаа жолунда болгон. Автобустун ичинде жалпысынан 11 адам — 9 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бардык жүргүнчүлөр өз убагында автобустан чыгып кетүүгө жетишкен. Натыйжада жабыркагандар катталган эмес.

Учурда окуя болгон жерде ыкчам кызматтар иштеп, жүргүнчүлөр коопсуз жайга эвакуацияланган.

Родион Мирошник бул окуяны жарандык жүргүнчү транспортуна каршы жасалган террордук аракет катары баалап, мындай чабуулдар коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратууга жана карапайым калкты коркутууга багытталганын белгиледи.

Ал ошондой эле бул билдирүүсүндө Киевдин аракеттерин сынга алып, окуяны Анкарада өтүп жаткан НАТО саммити менен байланыштырган.

Последние новости