www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык абалда. Бул тууралуу 17-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал күнү-түнү медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Атайын кызмат «азыркы тапта ал эч нерсеге даттанган жок» деп билдирди.

Белгилей кетсек, 23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму Атамбаев өзүн начар сезгендиктен улантылбай, башка күнгө которулган, ошондон бери карантинге байланыштуу сот боло элек. Жактоочулар УКМКнын тергөө абагында отурган Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кеткенин жана муну тергөө абагынын дарыгери да тастыктаганын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости