www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Бакир Таиров ири өлчөмдө мыйзамсыз акча каражатын алган

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири өлчөмдө мыйзамсыз акча каражатын алганын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында финполдун экс-төрагасы “Т.Б.Б.” [Бакир Таиров] бир саясий партияны каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдагы жетекчилердин биринен ири суммадагы акча берүүсүн мажбурлаган. 

Кечээ, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде “Т.Б.Б.” кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости