www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Баткендеги асфальт төшөө иштерин өз көзөмөлүнө алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында фирма тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бул иштер технологиялык талап бузуу менен аткарылганы айтылат.

"УКМК бул абалды көзөмөлгө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүү жүргүзүүдө", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Облустук бийлик бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түздөлүп, асфальт басылган.

Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна кабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости