www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК КР Министрлер Кабинетине караштуу ЖАМКнын ички иликтөө Башкы башкармалыгы жана КР ИИМдин ички иликтөө кызматынын Бишкек ШИИБи менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жана Биринчи май районунун ИИБнин кызмат адамдары тарабынан акча алуу фактысын аныктады, алар алдын ала сүйлөшүп алып, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесиндеги соттолгондордун бирине карата кечирим берүү маселесин чечүү үчүн каражат алган.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 16-түзөтүү мекемесинин кызматкери Ж.Д. жана Биринчи май райондук ИИБ кызматкери Т.Н. 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын апрелине чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 1- түзөтүү мекемесиндеги соттолгон адамдын ишенимине кирип, ага кечирим берүү үчүн ири суммадагы акча алгандыгы аныкталган.Деген менен, кийинчерээк соттолгондун кечирими четке кагылган.
Аталган фактынын негизинде КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 16- түзөтүү мекемесинин кызматкерлери Ж.Д. жана Биринчи май райондук ИИБнин Т.Н. аттуу кызматкери кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.