www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдоочуларды даярдоо системасындагы реформалар тууралуу сөз кылган президент Садыр Жапаров совет мезгилинде окуу катуу стандарттар менен жүргүзүлгөнүн, айдоочулукка талапкерлер техника менен жол эрежелерин терең өздөштүргөнүн эске салды.
Анын айтымында, учурдагы жеке автошколордо билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткен. Президент көпчүлүк мектептерде практикалык сабактар өткөрүлбөй, окуу плакаттар жана сүрөттөр менен гана чектелип жатканын белгиледи.
Ошондой эле, совет доорунда түзүлгөн техникалык база мыйзамсыз менчиктештирилгенин да билдирди.
- 70тен ашык ДОСААФ болгон. Бир генерал алардын дээрлик баарын өзүнө ыйгарып алган. 30дан ашыгын сатып жиберип, 40тан көбүн ижарага берип, өзүнө киреше тапкан, - деди ал.
Президенттин айтымында, учурда бул объектилерди мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Бирок ким деген генерал экенин ачык атаган жок.