www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал кайрадан тажик тарабынан тутанганын расмий билдирди.

Маалыматта буга 2022-жылдын 8-сентябрынан тартып Тажикстандын эгемендүүлүк күнүндө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу шылтоосу менен тажик тарап өзүнүн атайын күчтөрүн Ворух анклавына өткөрүп берген чагымчыл аракеттери, ошондой эле чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде ок атуу позицияларын (окоп казуучу) даярдашканы далил экени айтылат.

"Тажик тараптын уланып жаткан чагымчыл, мыйзамсыз аракеттерине жооп кылып кыргыз тарап мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө үчүн бир нече жолу ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү баштаган. Ага карабастан, 14-сентябрда саат 08.00дө УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен отрядынын "Булак-Башы" чек ара заставасынын (Ворух анклавынын түштүк тарабы) жанында тажик тарап ок атуучу куралдарды жана миномётторду колдонуу менен бир эле учурда беш багытта, анын ичинде бир калктуу конушта куралдуу агрессия көрсөттү", — деп жазылат кабарда.

Кезектеги куралдуу баскынчылык акциясынын натыйжасында 10 жарандык объектиге жана үч жергиликтүү тургунга зыян келтирилип, алар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, алардын бири 11 жаштагы бала.

"Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана жарандык турак жай объектилерине куралдуу кол салууда, аскерлердин курамына кирген адамдарга сыртынан окшош, кара түстөгү аскер кийимин кийген, эч кандай аскерлерге таандык белгиси жок сакалчан белгисиз адамдар тарабынан жасалган. Сырттан жасалган ар кандай чагымчыл аракеттерге карабастан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү тиешелүү деңгээлде жооп бере аларын билдиребиз", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнүн бузулушуна коркунуч келтирген Тажикстан менен мурда жетишилген макулдашуулардын бузулушуна жооп берүүгө даяр экенин билдирип УКМК бардык чек ара көйгөйлөрүн жана маселелерди тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырарын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости