www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан Армения менен чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында 71 аскерин жоготту. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.
Мекеме өз сайтында 13-14-сентябрдагы кагылышууда каза болгон жоокерлердин тизмесин жарыялады. Буга чейин 50 жоокер каза болгону айтылган.
«Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения-Азербайжан чек арасындагы чыңалуунун натыйжасында каза болгондордун такталган тизмесин жарыялады», - деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин Армения 105 киши каза болгонун билдирген.
Белгилей кетсек, Армения азербайжандык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан аскердик жардам күтөт.
Эске сала кетсек, 13-сентябрга караган түнү Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Азербайжан-Армения мамлекеттик чек арасынын Дашкесан, Калбажар жана Лочин багыттарында ири провокация жүргүзгөн.
Армения менен Азербайжандын чек арасында салгылашуу 13-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:05те башталган.
Булак: NazarNews.kg