www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы каралып жатат.
Сот залында Бөлтүрүк ага карата коюлган айыптоонун негизсиз деп атады.
«Бардык айыптоо калп, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылтоо негизсиз», - деди Бөлтүрүк.
Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эске салсак, буга чейин компанияда финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, Теңиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген.
Алдын ала эсептөө боюнча, кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.
Булак: NazarNews.kg