www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда 5 кг. гашиш менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРдан Өзбекстан Республикасына баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюлду.

Чет элдик А.А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг салмактагы гашиш аттуу ири өлчөмдөгү баңги затын сатып алып, аны Өзбекстан Республикасына өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды.

2025-жылдын 2-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын Лола тилкесинде КР- ӨР Мамлекеттик чек арасына жакын жерде 5 кг баңги заты менен А.А.А. кармалган. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости