www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет мамлекеттин 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Кармалган жаран Россия Федерациясынын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган.
Кармалган М.И.М. жасалма паспорт алып, андан кийин САРдын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан КР аймагындагы М.И.М.нын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg