www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш 6-март күнү Ак-Ордо жаңы конушунда катталган.
Жергиликтүү тургунга өз үйүнүн короосунда тааныштары кол салышып, арматура менен сабап, 14500 сомун тартып алышкан.
"Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Сокулук РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган М.М. жана 1995-жылы туулган К.Т. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg