www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда коррупциялык схеманы аныктады.

Тактап айтканда, Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, эркинен ажыратууга байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң АКШ долларын алган.

Бирок, кийинчерээк ал көрсөтүлгөн маселени Т.М.Т. аттуу жаран үчүн оң жагына чечип бере алган эмес. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК кызматкерлери тарабынан мурда алынган акчанын бир бөлүгүн  651 миң сом жана 2 миң 800 АКШ долларын кайтарып берип жаткан учурда Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. кылмыш үстүндө кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергилип жаткан кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге К.А.А. аттуу жарандын, ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.нын да тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кылмыш үстүндө кармалган.

КР УКМК тарабынан КР сот тутумунун кызматкерлеринин арасынан аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар  улантылууда.
 

Последние новости