www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн «Оргтехстрой» ААКсынын башкы директору, 01.09.1968-жылы туулган КР жараны И.К.М. кармалды.

Тактап айтканда, И.К.М. «Оргтехстрой» ААКсынын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржылык каражаттар жетишсиз экенин билип туруп, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан, бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен. «Кош сатуу» деп аталган бул схема Кыргыз Республикасынын жарандарына олуттуу материалдык зыян келтирген.

Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылуулары негиз болгон. Шектүүгө мурда эл аралык издөө жарыяланган.

2026-жылдын 24-мартында ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК кызматкерлери тарабынан И.К.М. кармалды. Учурда ал андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыштуу ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон жагдайларын жана бул схемага катышкан адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Последние новости