www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ишкерлерден пара талап кылуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 13-майында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган (пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча экологиялык экспертизанын оң корутундусун берүү үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы аныкталган.
Анын алкагында министрликтин Чүй аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары — 1965-жылы туулган О.М.К. жана 1992-жылы туулган Д.О.М. пара алып жаткан жеринен кармалган.
Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында О.М.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.