www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин билдирди.  Бул тууралуу аталган мекеменин  басма сөз кызматы кабарлады.

«Учурда социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы жана республикадагы абалды туруксуздаштырууга чакырган ар кандай чакырыктар болууда. Ага байланыштуу УКМК дүрбөлөңгө алдырбай, ушактарга ишенбөөгө чакырат», - деп айтылат маалыматта.

УКМК башка күч жана укук коргоо органдары менен бирге ар кандай күчтөр тарабынан жүргүзүлгөн провокацияларды алдын алууга жана бөгөт коюуга тиешелүү жумуштарды аткарууда.

«УКМК жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары жана мындай оор кырдаалда абалды тез арада турукташтыруу үчүн бардык тараптарды консенсуска чакырабыз», - деп УКМК өз позициясын билдирди.

Ошондой эле УКМК күч жана укук коргоо органдарында абалды көзөмөлдөө үчүн күч жана каражаттар жетиштүү экенин белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости