www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте чет элдик жаран кыргыз жигиттери тарабынан сабалып кеткендиги тууралуу видео социалдык тармактарда тараган.

Видеотасмада “кечээ кечинде Бишкекте, 10-кичи райондо кубалык Хосе аттуу чет элдик жаранды сабап кетишти. Милиция кол салгандарды издеп жатат” деп жазылган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын айтымында, кечээ кечинде милицияга Х.Х аттуу адам денесине келтирилген жаракат менен медициналык жардам сурап Улуттук госпиталга кайрылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу дароо барган. Бирок алар жабырлануучудан арыз ала алышкан эмес, анткени ал мас абалда болгон.

Факт КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси “Бейбаштык” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, Кубанын жаранына кол салган деп шектелип 27 жаштагы Ж.Ч., 32 жаштагы Т.Р. жана 31 жаштагы К.И.  кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык керектүү тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости