www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) лидери, коңшу өлкөнүн жараны болгон адамдын диверсиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Анын диний-экстремисттик жана террордук топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында көмүскө экстремисттик тармакты уюштургандыгын айтты.

"Кармалган И.Ш.Ш. Өзбекстанда "Хизб ут-Тахрир" ДЭУ аймактык жетекчиси болуп саналат. Ал Кыргызстандын түштүк аймактарында жана Өзбекстандын чектеш аймактарында "Хизб ут-Тахрир" түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча көмүскө иштерди жүргүзүп келген", — деп билдирди маалымат кызматы.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран 10 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстанда расмий издөөдө жүрүп, Кыргызстандын аймагында жашырынууга аракет кылганы аныкталган.

Тиешелүү процессуалдык чаралардын негизинде И.Ш.Ш. Өзбекстанга өткөрүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости