www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан ири сүткор жана күрөөкана тармагынын ээси «С.М.А.»нын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«С.М.А.» өзүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, каржылык кыйынчылыктарга туш болгон жарандардын эсебинен мыйзамсыз киреше табуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз негизде күрөөкана иштетүү жана сүткордук иштерин жүргүзгөн. Каражаттардын өтө жогорку пайыздык чендер менен ачыктан-ачык оор шарттарда берилүүсү, жабырлануучуларды көз каранды абалга алып келген жана аларды өзүнө алган милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.

Мындан тышкары, «С.М.А.» түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, андан көз каранды болуп калган кардарлардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, анын ичинде турак жайларын, жер тилкелерин жана коммерциялык мүлктөрүн мыйзамсыз тартып алуу боюнча аракеттерди уюштуруп, өзүнө тиешелүү болгон нотариустарды жана башка жакын адамдарын тартуу менен жалган же ойдон чыгарылган жасалма жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү аркылуу менчик укугун өткөрүп берүүнү тариздөө иштерин жүргүзгөн. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «С.М.А.»нын ишенимдүү адамдарынын чөйрөсү аныкталып, алардын аттарына кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн олуттуу саны катталгандыгы белгилүү болду.

Мындан тышкары, жабырлануучуларга кысым көрсөтүү, коркутуу жана психологиялык басым көрсөтүү элементтери менен коштолгон мыйзамсыз иш-аракеттердин уюшкандык мүнөзүн көрсөткөн далилдер алынды. Өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашыруу үчүн «С.М.А.» укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардагы мүмкүн болгон байланыштарын колдонуу аркылуу, андан жапа чеккен жарандардын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн органдарга кайрылууларына тоскоолдук жараткан. 

Жогоруда айтылгандарды жана кылмыш ишиндеги талашсыз далил базасын эске алуу менен, КР жараны «С.М.А.» кармалып, 2026-жылдын 14-январында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, ага тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Последние новости