www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-январь саат 09:00го карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Белгилей кетсек, буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрөрү кабарланган.