www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Канат Исаевден тил кат алды

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге УКМК айыбын угузуп, эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алды. Депутат «Токмок шаарынын мэри болуп турганда коррупцияга жол берген» деп айыпталууда. Ал эми Исаев айыпты четке кагып, актыгын далилдөөгө белсенип турган кези.

Ушул тапта Кыргызстанда кырдаал кимдир бирөөлөр үчүн ойдогудай өкүм сүрсө кимдир бирөөлөр үчүн кайыгынын кара булуту башынан айланууда. Кандай болгон күндө дагы калдайган Жогорку Кеңештин имаратында эл тарабынан шайланган айрым эл өкүлдөрү токойго кирип кеткендей жымжырт.

Эл өкүлдөрү ооз ача алышпайт, көпчүлүгү депутат болобуз деп олчойгон кредиттерди алып депутат болушса, көпчүлүгү коркок. Айрымдарына асман түшүп кетсе баары-бир. Демилге көтөргөндөргө, ачуу сын-пикир айткандарга кылмыш иши козголуп, камакка алынат. Заман ушундай...

Алсак, кечээ жакында эле экс-депутат Садыр Жапаров тууралуу 120 депутаттын ичинен Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов маселе көтөрүп чыкпаса калгандары ачылып-чачыла элек. Ал эми "Кыргызстан" саясый партиясынын лидери Канат Исаев дагы, экс-президенттин уулу Максим Бакиевдин мыйзамсыз сатылган мүлктөрүн иликтеп, жар салгандан кийин кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости