www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга байланыштуу айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагында(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кылмыш белгилерин көрсөткөн фактылар аныкталды.
Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын эксперттик корутундусуна ылайык, 2025-жылы Ормон-Хан айыл аймагында мурдагы башчы А.Б.К.нын жетекчилиги алдында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын талаптары бузулуп, натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 699 000 (беш миллион алты жүз токсон тогуз миң) сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Мындан улам, 31-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. кармалып, Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.