www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК өлкөдө коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылган деструктивдүү топтордун ишине бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасынын орун басары Талантбек Салиев президент менен жолукканда билдирди.
Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда, башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиевди кабыл алды. Анда өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чаралар талкууланды.
“Талантбек Салиев улуттук коопсуздук органдары кырдаалдан пайдаланып, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылган деструктивдүү топтордун ишине бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ал ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүнү алдын алуу боюнча башка укук коргоо органдары менен кызматташуу уланып жатканын кошумчалаган.
Өз кезегинде Нурлан Дарданов Бишкек шаарынын аймагында орун алган массалык тартипсиздик боюнча прокуратура органдары тарабынан толук кандуу иштер жүрүп жатканын баса белгилеген.
Башкы прокурордун биринчи орун басары кечээ, 11-октябрда, Жогорку Кеңештин административдик имаратына кароо жүргүзүлгөнүн жана ал бийлик түзүмдөрүнүн карамагына өткөрүлүп берилгенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg