www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 10-декабрында КР Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Т.А. кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды.
Тактап айтканда, А.Т.А. 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталган.
Акча каражаттарын системалуу түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар КР ИИМинин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Тергөө иштери жүрүп жатат.