www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев — ред.) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Казакстандын 63 жаштагы Ф.А.Г. аттуу жаранын кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирет. Шектүү 3-октябрда сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында УКМК тарабынан колго түшүрүлдү.

«Мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун өкүлү буга чейин мыйзамсыз баңгизат, курал-жарак сактоо, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле, Казакстан, Кыргызстан жана КМШнын башка өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну уюштургандыгы үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ф.А.Г. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда анын Кыргызстандын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости