www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир топ жыл мурун октябрда Рысбектин бир тууганы, парламент депутаты Тынчтыкбек Акматбаев кыргыз жергесиндеги кылмышкерлер арасында бийлик талашып, Рысбектен кагуу жеп жүргөн башка улуттун өкүлдөрү тарабынан өлтүрүлөт.

Парламент да чалкып калат - биринчиден, кесиптешине куран окутуп, көз көрсөтүш керек. Экинчиден, ал мезгилде Рысбектин ирбити келип, саясатка аралашып, иниси Тынчтыкбек ЖКда комитет жетекчиси болуп турган. Демек, Рысбектин да алдынан өтүп коюш керек болгон. Аймактардан шайланып келген 70 депутат аймак-аймак боюнча чогулуп, Тынчтыкбек Акматбаевге көз көрсөтүп бара баштайт. Таластан чыккан депутаттарды жетектеп, маркум Болот Шерниязов барат. Анын арасында таластык ал кездеги «жөжө» депутат Бабанов да болгон.

Арийне, «жумурткадан чыга элек жатып» Өмүрбек мырза 2005-жылдын мартында шайланып келээри менен бийлик алмашып кетип, Айдар Акаевге кол шилтеп президенттикке талапкер болгон Феликс Куловго колдоо көрсөтүп, дагы бир талапкер Рысбек Акматбаев колдогон Курманбек Бакиевге суу куя баштайт. Куловдун республикалык штабын экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген. Кулов буларды чуркатып-иштетип, өзү болсо президентке талапкер Бакиев менен тандем түзгөн. Бирок шайлоо учурунда Бабанов Рысбекке катуу тийишип алган окшойт.

Тынчтыкбектин кара ашына келген таластыктарды эл сыяктуу жакшы конокко алышат. Куран окулуп бүткөн соң, кетүүнүн камын көрүп, Рысбекке жолугушат. Рысбек Бабановду карап: «Мобу баланы таштап кеткиле», - дейт. Ошол замат Бабанов өң-алеттен кетип, келмеси оозунан түшүп калат. Болот Шерниязов Бабановду таштай коюп кетип калбайт. Ал Рысбекке тик качырып: «Мен ментмин, сен бандитсиң, бүгүн ызы-чуу болгонго болбойт. Менттик убадамды башка убакта жолуктурам», - деп Бабановду тилге салып жатып Рысбектин колунан алып кетет.

Рысбектин айткандары өтө катуу жан-дүйнөсүн түйшөлдүрсө керек, алардан анча-мынча узаар менен, Бабанов машинаны токтотуп, эшикке чуркап чыгып кан кусуп жиберет. Рысбек муну укса керек, кыргыздын каада-салты боюнча кан кусуп жиберген кишинин артынан кек кубаланбайт дейт. Илгертен канга-кан деп коюшат.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин жамааты жана өлкөдөгү кыргыз диаспорасы элчиликтин кеңешчиси Рысбектин бир тууганы Малика Акматбаеванын атасы Абдымалик жана энеси Сабиранын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ага терең көңүл айтышты.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости