www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин калк арасына жайылтуу боюнча кезектеги өнөктүк башталды.
Маалыматка караганда, өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата басылып чыккан президенттин «Эгемендүүлүк — биздин бактыбыз» аттуу китебин мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштеген жарандар жана студенттер сатып алууга милдеттендирилип жатат.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы билдиргендей, жергиликтүү маданият ишмерлерине президенттин китебин мактаган музыкалык чыгармаларды даярдоо тапшырмасы да берилди. Мындан тышкары, облустагы жогорку окуу жайлардын студенттерин президенттин жаңы китебин жаттоого чакырып, аларды кызыктыруу үчүн 100 манаттан (расмий курс боюнча 28,5 доллар) акча берилээрин убадалашты.
Мамлекеттик басылмалардын маалыматына караганда, түркмөн, орус жана англис тилинде басылып чыккан президенттин жаңы китеби өлкөнүн көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки жетишкендиктерине арналган. Ал Гурбангулы Бердымухамедовдун быйыл жазган экинчи китеби. Май айында президент өлкөнүн борбор шаарынын 140 жылдыгына карата «Ак шаар Ашхабад» деген китеп чыгарган.
Бердымухаммедов бийликке келген 15 жылдан бери жалпысынан анын 60тан ашык китеби басылып чыкты. Алардын айрымдары мамлекеттик майрамдар менен окуяларга арналса, башкалары жылкы өстүрүү, түркмөн салттары, килемдер, дары чөптөр сыяктуу темаларга жазылган.
Булак: NazarNews.kg