www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын премьер-министри лидерлик кылган Консервативдик партиянын ири демөөрчүлөрүнүн бири Мохаммед Амерси Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага пара берүүдө консультант болгон. Бул тууралуу The Guardian басылмасы кабарлайт.
4-октябрда жарыяланган макалада Швециянын Telia телекоммуникациялык компаниясы Өзбекстандын уюлдук байланыш рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримовага 220 миллион доллар өлчөмүндө пара бергени айтылат.
Ал эми Мохаммед Амерсинин адвокаттары - анын «атайылап» коррупциялык аракеттерге барганы тууралуу божомолдордун бардыгы «жалган» экенин билдирип жатышат. Алардын айтымында, келишим боюнча негизги макулдашуулар эки жыл мурда кабыл алынган. Ал кезде Амерси Telia компаниясы Гүлнара Каримовага пара берүүнү пландаганын билген эмес.
Бирок The Guardian басылмасы жана BBC Panorama программасы Telia менен Амерси алты жыл бою кызматташканын жана Борбор Азиянын уюлдук байланыш рыногуна компаниянын кирүүсүндө маанилүү ролду ойногонун аныктап чыгышкан.
The Guardian’дын маалыматына караганда, Мохаммед Амерси бул аралыкта ортомчулук иши үчүн 65 миллион доллар алган. Жекшемби күнү жарыяланган «Пандора архивинде» ал бул акчага Улуу Британиядан кымбат баалуу кыймылсыз мүлк сатып алганы көрсөтүлгөн.
The Guardian жана BBC Panorama'нын кызматкерлери ички электрондук почтанын, соттук документтердин, эсеп-фактураларынын, корпоративдик файлдардын жана ички отчёттордун миңдеген беттен турган кагаздарын карап чыгып, Telia компаниясынын Борбор Азия базарына кирүүсүндөгү Амерсинин ролу менен жакындан тааныш көптөгөн булактар менен байланышкан.
Түбү кениялык 61 жаштагы Мохаммед Амерси 2019-жылы өткөн Улуу Британиядагы парламенттик шайлоодо Консервативдик партиянын эсебине 100 миң фунт стерлинг (136 миң доллар) которгон. Ага чейин ал Консервативдик партиянын лидерлигине талапкер болгон Борис Жонсондун, Майкл Гоувдун жана Жереми Ханттын шайлоо өнөктүктөрүнө каржылык жардам көрсөткөн.
The Guardian’дын маалыматына караганда, учурда британиялык ишкер өзү түзгөн топтун жардамы менен консерваторлордун Жакынкы Чыгыштагы стратегиясына таасир этүүгө аракет кылып жатат.
Быйыл февралда Швеция соту Гүлнара Каримовага пара берген деп айыпталган Telia компаниясынын (бренддин жергиликтүү аталышы Ucell – ред) мурдагы жетекчилерине карата чыгарылган актоо өкүмүн күчүндө калтырган.
Компаниянын жогорку кызматтарда иштеген мурдагы үч кызматкери Өзбекстандын уюлдук байланыш базарына кирүү үчүн пара катары Каримованын офшордук компаниясына 320 миллион доллар которгон деп шектелип жатат.
2019-жылы февралда Стокгольм соту аларды күнөөсүз деп тапкан. Судьялар Telia компаниясынын мурдагы жетекчилери «техникалык жактан» Каримовага пара берген эмес деген жыйынтыкка келишкен. Алардын түшүндүрмөсүндө тиги же бул өлкөнүн мамлекеттик кызматкерине акча же материалдык баалуулуктарды берүү гана коррупция деп эсептеле турганы белгиленген. Мындан тышкары, пара берилди делген маалда Гүлнара Каримованын Өзбекстандын телекоммуникациялык тармагына таасир эте ала тургудай расмий адам болгону далилденбегени айтылган.
Бүгүнкү күндө Гүлнара Каримова мекенинде абакта отурат. 2020-жылы мартта Ташкен шаардык соту аны 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Каримова кылмыштуу топ түзүүгө, алдамчылыкка жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоо боюнча күнөөлүү деп табылган.
Булак: NazarNews.kg