www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент «Кумтөр» маселесин аягына чыгарып берсе, Кыргызстан үчүн кылымдык жеңиш болот», - деди бүгүн, 6-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек агай, президент элге 4 маселе боюнча кайрылып, ачуу чындыкты айттыбы?

- Президенттин элге Кыргызстанда болгон проблеманын баарын алдын ала айтып, түшүндүрүп койгону жакшы болду. Антпесе бул орчундуу маселелерди шайлоодо тескери жакка бурган кептерди айтып, аны колдонгондор көп болот. «Оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат» - дейт кыргызда.

Ажо ошол ооруну жашырбай ачык айтып, диагнозун койуп, дарылоонун жолун айтып бергени элге жакшы эле болду. Өзгөчө электр энергиясы боюнча энергетиктер тынч жаткан элди козгоп, «электр энергиясы 5 сом болот» деп элди дүрбөттү, митинг кылам, 100 миң киши чыгарам, төңкөрүш уюштурам деген кишилердин чырагына май чачышты. Эл 2010-жылы элекетр энергиясы 1 сом 20 тыйын болот дегенде революция жасаган.

Азыр 5 сом кылса 5 жолу революция жасамак. Ал турсун мени шайласаңар электр энергиясын бекер кылып берем дегендерге ишенип, элибиз аларды да ээрчип кетмек. Президент маселенин өзөгүн айтып, чекит коюп койгону үчүн эл тынчтанып калды.

Мурдатан эле жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылык, миграция деген чоң проблемалар бар эле. Эми ага кошумча кургакчылык болгонуна байланыштуу азык-түлүк проблемасы, кошуна мамлекет Ооганстандагы «Талибан»* проблемасы кошумча түйшүк жаратты.

Кыргызстанда да радикалчыларды колдогон агымдар бар, Сирияда миңге жакын кыргызды согушка жиберген, шейх болобуз, эмир болобуз, шарият менен жашайбыз дегендер алардын бүгүнкү күнү да ооган талибдери менен тымызын байланыштары бар.

Ошон үчүн бул маселеде бийлик, коопсуздук комитети алдын ала иш-чараларды көрүш керек. Радикалчыларды бийлик тартипке чакырбаса, бийликти радикалчылар тартипке салып коёт Ооганстандагыдай кылып.

«Кумтөр» маселеси «Кылым аферасы» болуп дүйнөлүк тарыхта калат. «Кумтөр» кыргыз элине иштейт», - деди эле президент, айтканын аткарып жатат. Кудай колдоп «Кумтөр» маселесин аягына чыгарып, элдин кызыкчылыгына иштетип берсе, Кыргызстан үчүн тарыхый, кылымдык жеңиш болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости