www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы диний радикализмдин курчуп баратышы, талибдер менен кызматташуу кооптондурбайбы? Бул жагынан бийликке кандай сунуш, пикир айтасыз?

– “Талибан” менен кызматташуу – бул айла жок кадам. Каалайбызбы-каалабайбызбы талибдер бийликке келди. Муну менен катар эч ким кепилдик бере албайт –  “талибдер диний радикализмди Кыргызстанда жок кылат же бар кылат” деп.

Биринчиден, “Талибан” менен Тажикистан мамилеси абдан начар, жакын арада мамиле өзгөрбөйт. Ошондуктан Апрель окуясы кайталанбас үчүн талибдер өздөрүнүн таасирин кошуналарга тийгизет. Мындайча айтканда, Борбор Азия мамлекеттеринде талибдердин идеологиясын таркатуу иш-чарасы жүргүзүлөөрү анык.

Акырындап болсо да талибдердин идеологиясы таркап келе жатат, ал көз көрүнө байкалууда. Ошон үчүн биздин мамлекет, бийлигибиз сөзсүз түрдө ички диний радикализмге карата чара көрүшү зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости