www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду.

Анда депутат Дастан Бекешев Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып алганы тууралуу маалымат угууну сунуштады.

«Кыргызстан чет өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып ала баштады деп маалымат таратты өкмөт. Бирок кечээ тажик тарап Кыргызстанга электр энергиясын саткан жокпуз деп айтып чыкты. Бул боюнча эл арасында түшүнбөстүктөр жаралды. Карапайым эл бизден сурап кайрылып жатса, биздин деле андан кабарыбыз жок. Парламентте так маалымат жок, өкмөт бизди, элди алдап жатса...» - деди депутат Бекешев.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштаганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости