www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерра голд» кыргыз бийлигин сындаган билдирүү таратты

Канадалык «Центерра голд» компания: «Кумтөр кенин биз иштетип жаткан учурда экологиялык, иштөө тартиби жана экономикалык эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, учурда кыргыз бийлиги негизсиз маалымат берүүдө», - деген билдирүү таратты.

Беш барактан турган кенен билдирүүдө «Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда, ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо боюнча эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4,48 миллиард доллардан ашуун каражат кошкон», - деп айтылат маалыматта.

Канадалык ишкана – кыргыз өкмөтү «Центерра голд» мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузуу менен иштеген», «Центерра голд» кенди пайдаланууда коопсуздук стандарттарын сактачу эмес», «Мурда кыргыз өкмөтү менен келишим түзүүдө Centerra коррупциялык схемаларды пайдаланган» деген аңыздарды таратып жатканын билдирип, бул дооматтарды четке кагат.

Компаниянын билдирүүсү менен кененирээк бул жерден тааныша аласыз. «Центерранын» бул билдирүүсү боюнча кыргыз өкмөтү маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, буга чейин расмий Бишкек Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанды деген билдирүү тараткан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени 27-сентябрда белгилүү болгон. Анда – «бул тагдыр чечүүчү сүйлөшүү болоору» кабарланган.

Буга кошо Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Ошондой эле, мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерра голдду» Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Эске салсак, «Кумтөр голд» ишканасына ээлик кылган канадалык «Центерра голд» компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости