www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасында атышуу токтоду, кыргыз тараптан бир аскер жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.
“Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кетти”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин КР Чек ара кызматы Тажикстан чек арага оор техника каражаттарын тартып жаткандыгын кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg