www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында 2 аскер жарадар болду

Бүгүн, 3-июнда саат 14:15те Баткен районунун Булак-Башы аймагындагы ок атышуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 14:07де тараптардын чек арачыларына ок атышууну токтотуу тууралуу буйрук берилгенине карабай, тажик тарап саат 14:15ке чейин ок атууну токтоткон эмес.

Ок атышуунун кесепетинен Кыргызстандын 1 чек арачысы жаракат алды. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бул ортодо 24.kg агенттиги өз булактарына таянып, тажик-кыргыз чек арасындагы атышуудан 2 аскер жарадар болгонун жазды.

Учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандык чек ара өкүлдөрү бар. Тараптар чырдын чоо-жайын аныктоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүшөт.

Эске салсак, чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.

Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномет колдонгон.

Андан соң тажик тарап чек ара тилкесине оор техника жеткирип жатканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости