www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Адахан Мадумаров оозу менен орок оруп көнгөн адам», - деди бүгүн, 3-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Ташболот Балтабаев.

- Ташболот агай, кечээ парламент трибунасынан Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров кайым-айтыша кетишти. Кимисинин сөзү чындыкка жакыныраак болду?

- Мадумаров контрабанданы крышовать этип жатат дегенге ишениш кыйын, биринчиден. Экинчиден, ал төңкөрүш жасаганга даярдык көрүп жаткан күчтөрдүн башында турат дегенге такыр ишенбейм. Себеби, анын духу андайга жетпейт жана андай нерсени уюштурганга каражаты да, командасы да жок.

Ташиев атайын кызматтын башчысы катары көптү билген, бирок аз сүйлөгөн адам болушу керек. УКМКнын жетекчиси парламенттин трибунасында базардагы «разводящийдин» терминалогиясын колдонуп ороңдогону туура эмес.

Спикер андай учурда эки жактын тең тизгинин тартып-эскертип, микрофонду өчүрүп койсо элге жана эл аралык коомчулукка Кыргызстан уят болбойт эле.

Албетте, Мадумаров оозу менен орок оруп көнгөн адам. Бийликтегилер анын анча-мынча апыртмасына катуу реакция жасап жакалашканын токтотуп койсо, эки жакка тең пайдалуу болот.

Эске салсак, кечээ, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптады.

Депутат Мадумаров отурган ордунан «далил менен сүйлө» деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости