www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан  Эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү, ошондой эле курал-жарак, жардыруучу заттар жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын четинде курал-жарак жана ок-дарылар катылган жай аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жашыруун жайдан 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар, жылмакай стволдуу куралга арналган октор, ошондой эле калибри тактала элек ок-дарылар, Шпагиндин сигналдык тапанчасы, маркасы тактала элек 4 тапанча жана 1 даана АК-74 автоматы табылып, алынды.

Атайын кызмат жашыруун жайды уюштурууга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

 

Последние новости