www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан “майнинг-фермаларды” аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 1997-жылы туулган КР жараны Х.Р.Р. тарабынан “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу жолу менен “майнинг-фермаларды” түзүп “криптовалюта” алуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттери уюштурулганы аныкталган. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жарыяланды.

2022-жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан “Тихий-Замок” мейманканасынын жертөлөсүндө “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар “криптовалюта” өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды.

Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен «Улуттук электр холдинг компаниясы» ААК тарабынан “майнинг” өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган, бул аталган “майнинг-ферманын” мыйзамсыз иштешин көрсөтүп турат.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Булак: NazarNews.kg

Последние новости