www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия "атайын аскердик операция" деген аталышта согуш баштагандан бери Украинадан 3 миллиондон ашык адам качып чыкты. Бул тууралуу Франциянын AFP маалымат агенттиги 15-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку башкармалыгына шилтеме берип, маалымат таратты.
Эл аралык миграция уюму да бул маалыматты тастыктап, согуш болуп жаткан аймактардан качкан украиналыктардын саны 3 миллиондон ашканын, анын 1,4 миллиону жаш балдар экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын айтымында, 15-мартка карата Украинадан 2 миллион 969 миң 600 адам чыгып кеткен. Украинанын жарандары, негизинен, Польша, Румыния, Молдова, Мажарстан, Словакиян жана Орусиянын аймагына өткөн.
Качкындар боюнча жогорку комиссар Филиппо Гранди мурдараак Украинадан качкандардын саны “Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң чоң көрсөткүчкө жеткенин айтып, муну өтө чоң качкындар кризиси” деп атаган. Буга чейин БУУнун башкармалыгы эгер Укранинада абал курчуса, качкындардын саны 4 миллионго жетет деп божомолдогон.
Булак: NazarNews.kg