www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттону жокко чыгаруу боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечимин күчүндө калтырды.  Мындай чечим 14-15-маттаргы соттук отурумдардын жыйынтыгында кабыл алынды.

Эске салсак, буга чейин Муртазалиев добуш сатып алган деп айыпталып, талапкерлердин каттоосунан чыгарылган.

ИИМдин жана Бишкек шаардык милициянын тергөөчүлөрү Муртазалиев добуш сатып алганы тууралуу факты аныкталганын билдирип, шайлоочуларга акча тараткан деп шектелип кармалган эки жарандын талапкер менен байланышы бар экени далилденген.

Натыйжада БШК мүчөлөрү укук коргоо органдарынын маалыматтарын эске алуу менен Абдурахманхажи Муртазалиевдин шайлоодогу жеңишин жокко чыгарган. Бирок мындай чечимге каршы болгон Муртазалиевдин тарапташтары БШКнын чечимин сотко берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости