www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык Fox News телеканалынын 55 жаштагы оператору Пьер Закржевски жана телекабарчы Бенжамин Холл Украинадагы согушта каза тапты. Алар бир күн мурун Киевдин алдындагы окуяларды чагылдырып жүргөндө жаракат алганын телеканал билдиргенин Азаттык жазып чыкты. "Биз Закржевскинин Украинада дүйшөмбү күнү кечинде телекабарчы Бенжамин Холл менен бирге ооруканада каза болгонун тастыктайбыз", - деп билдирди Fox News.

Аскердик оператор Пьер Закржевскийге 14-мартта Горенка айылына (Киев облусу) болгон чабуул учурунда ок тийген. Оператор менен кабарчы бараткан автоунаа бутага алынып, экөө тең жарадар болгон.

"Пьер биздин телеканалдын легендасы болчу. Бул оор жоготуу бизди нес кылды. Ал бизде көп жыл иштеди. Ирак, Ооганстан жана Сириядагы согуштарды чагылдырган. Ал бир эле кезде оператор, фотограф, продюсерлик кызматтарды бирдей алып барчу. Ал эң оор кырдаалдарда дагы жумушун так аткарып, зор тажрыйба топтогон. Ал чыныгы кесипкөй журналист болгон. Ал чыныгы дос болчу", - деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Украинадагы согуштук аракеттер башталгандан бери 3 Батыш журналисти курман болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости