www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги пандемия учурунда майыптар үчүн коляскаларды жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет таратты.

Маалыматка караганда, министрлик пандемия учурунда бир колясканы 57 миң сомдон сатып алган, анын базар баасы 15 миң сом болгон.

Жалпы 522 даана коляскага 30 млн сомго жакын акча жумшалган. Муну менен министрликтин айрым кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, министрликтин мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы (И.K.Э.) кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости