www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, парламент төрагасына жана депутаттарга ачык кайрылуу жолдошту.

10-мартта жарыяланган кайрылууга он чакты белгилүү юристтер, укук коргоочулар жана активисттер кол коюшту.

Алар долбоордун аталышы Конституцияга дал келбей жатканын, 1 ай ичинде коомдук талкуу өткөрүү тууралуу талап сакталбаганын, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүү жана кабыл алуу процедурасы бузулганын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу жок экенин, парламенттик угуу болбогонун белгилешти.

Ошону менен катар добуш берүү процедурасы одоно бузулганын, себеби залда 61 депутат отурса 87 депутат колдоду деп жарыяланганын айтышты.

Жаңы Конституциянын долбоорунун тексти жалпы эл үчүн жабык болуп жаткандыктан аны алмаштырып коюу коркунучу бар экенин кошумчалаган активисттер процедуралык талаптар бузулуп жатышы келечекте улам бир саясий күчкө Конституцияны өзгөртө берүүсүнө, өлкөдө өнөкөт туруксуздук абалынын түзүлүүсүнө жол ачарын да белгилешти.

Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта биринчи окууда кабыл алган. Экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүү эртең, 11-мартта болору айтылууда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 10-марттагы жалпы жыйында конституциялык реформа боюнча сын негизсиз экенин айтып, Конституциянын долбоору мыйзам талаптарына ылайык талкууланып жатканын билдирген жана “Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок” деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости