www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-майда Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси К.А.М. кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Ош шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын чечип берүүдө акча каражаттарын системалуу түрдө алуу фактылары аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында акчалай сый акысын алуу боюнча көптөгөн фактылар (эпизоддор) аныкталып, кармалган К.А.М., УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.