www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартиби жана ошондой эле жабыр тарткан жарандарга «бирдиктүү терезе» принциби боюнча жардам көрсөтүү механизми бекитилди.
Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо багытында иш алып барган мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка тиешелүү субъекттердин ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлдү.
Кабыл алынган чечим үй-бүлөлүк зомбулук учурларына ыкчам жооп кайтаруу жана жабыркагандарга комплекстүү жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүүгө багытталган.