www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл – шоунун эмес, улуттун мурасы!

Ысык-Көл – бул жөн гана туристтик объект эмес. Ал кыргыз элинин сыймыгы, Борбор Азиядагы эң уникалдуу экосистемалардын бири, жаратылышытын табигыйлыгын сактоонун үлгүсү болчу биосфералык аймак. Мындай ыйык мурасты убактылуу шоу, пиар жана коммерциялык кызыкчылык үчүн тобокелге салууга эч кимдин акысы жок.

Активист-эколог Самат Кушубек көтөргөн маселе жөн жерден чыккан жок. “F1H2O” сыяктуу моторлуу жарыштарды Ысык-Көлдө өткөрүү экологиялык, укуктук жана моралдык жактан чоң суроолорду жаратат. Мыйзамга да түздөн-түз каршы келет.

“Ысык-Көл жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесинде көл аймагында экологияга зыян алып келүүчү моторлуу жарыштарга жана иш-чараларга чектөө коюлары так көрсөтүлгөн. Демек, “баары мыйзамдуу” деген сөздөр куру пиар болуп калууда. Мамлекеттик кызматтагы адам мыйзамдан жогору турбашы керек.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов “3 күндүк эле иш-чара”, “туризм өнүгөт”, “зыяны жок” деп коомчулукту ынандырууга аракет кылууда. Бирок эл эмоция эмес, факт сурап жатат. Көлгө канча күйүүчү май түшөт? Канча көмүр кычкыл газы бөлүнөт? Экосистемага тийгизген таасири боюнча көз карандысыз экспертиза барбы? Коомчулукка эмне үчүн ачык маалымат берилбей жатат? Эгер Кыргызстан экологиялык милдеттенмелерди сактабай калса, өлкөнүн аброюна да сокку урулат.

Экологдордун маалыматы боюнча мындай иш-чаралар жүздөгөн литр майдын сууга аралашуу тобокелин жаратат. 75 тоннага жакын CO2 бөлүнүшү мүмкүн экени да айтылууда. Бул сандар жөн жерден чыккан жок. Ал эми Ысык-Көл жабык экосистема болуп саналат. Ага түшкөн уулуу заттар океандай болуп агып кетпейт. Көлдүн биологиялык балансы өтө назик.

“Туризм өнүгөт” деген жүйө дагы күмөндүү. Экологиясы талкаланган жерге узак мөөнөттүү турист келбейт. Дүйнө азыр таза жаратылышты издейт. Ысык-Көлдүн эң чоң бренди – анын тунук суусу, биосфералык тазалыгы жана уникалдуу табияты. Эгер ушул артыкчылыкты өзүбүз жок кылсак, анда келечектеги туризмди өзүбүз көмөбүз.

Эң кейиштүүсү, мамлекеттик кызматка жаңы келген айрым жетекчилер туризмди өнүктүрүүнү кыска мөөнөттүү шоу менен чаташтырып жатышат. Туризм – бул жаратылышты сактоо менен өнүгөт. Көлдү булгап туруп туризмди өнүктүрөм деген өтө кооптуу түшүнүк жана тайыз ой жүгүртүү десек жарашат.
Ысык-Көл эксперимент үчүн аянтча эмес. Ал келечек муундардын аманаты. Бир нече күндүк жарыш үчүн миң жылдык жаратылыш тобокелге салынбашы керек.

Кыргызстанга экологиялык жоопкерчилиги бар, мыйзамды сыйлаган жана улуттук байлыкты коргой алган мамлекеттик саясат керек. Ысык-Көлдү сактоо – бул бир экологдун эмес, бүт элдин милдети.

Алмазбек ТЕМИРБЕК

Последние новости