www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-февралында УКМК ККК тарабынан Ош шаарында жана Ош областында энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чара учурунда Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектро» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-б. (кызматчынын мыйзамсыз сыйакы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда тергөө иштерүү жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg